www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыр апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда Тажикстандын аскерлеринин огунан курман болгон 44 жаштагы Мамасалы Каратаевдин үй-бүлөсүнө өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан Lexus RX автоунаасы белекке берилди. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Унааны мамлекет башчынын атынан облус башчысы Абдикарим Алимбаев тапшырган.
Облус башчысы маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, ар дайым мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдар мындан ары да берилип, көзөмөлдө болорун билдирди.
Курман болгон Каратаевдин унаасы жараат алган кыргыз аскерлерин ооруканага ташып жаткан учурда талкаланган. Маркумдун уулу буга чейин атасынын унаасын калыбына келтирип, айдагысы келгендиги боюнча кайрылуу жасаган. Өлкө башчысы маркумдун уулунун кайрылуусун угуп, анын үй-бүлөсүнө унаа тапшырды.
Булак: NazarNews.kg