www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Украинадагы "атайын аскердик операциясын" Орусия чукул токтотууга тийиш деп чечти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, БУУнун соту Орусияга каршы Украинанын доо арызын 7-мартта карай баштаган.

Киев Москваны геноцид боюнча эл аралык конвенцияны туура эмес чечмелеп жатат деп айыптады. Доогердин позициясына ылайык, орус бийлиги бул конвенцияны кыянаттык менен пайдаланып, Украинага басып кирүү үчүн аны шылтоо катары колдонгон.

Белгилей кетсек, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштап, аны "атайын операция" деп атаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.

Бирок сот - өз аймагы болгон Донбасста Украина геноцид уюштурганы боюнча эч кандай далил жок экенин да билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости