www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13-декабрда парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетитин жыйынында Каржы министрлигинин өкүлдөрү 120 электробусту сатып алуу боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин долбоору менен тааныштырды.
Каржы министринин орун басары Руслан Татиков - Кыргызстанга 32 жылга 1,5% үстөк менен 25 млн доллар насыя бөлүнөөрүн, алгачкы 8 жылга жеңилдик берилээрин, бул убакытта үстөгү 1% түзөөрүн билдирди.
Мындан тышкары, 25 млн доллар грант түрүндө бөлүнүүдө. Долбоордун жалпы наркы – 9 млн доллар. Кыргыз өкмөтү дагы 9 млн доллар кошот. Долбоор үч жылга белгиленген жана 2024-жылы аягына чыгат.
Мэриянын өкүлдөрү 120 электробус 5 багыт боюнча каттай турганын, долбоордун алкагында инфраструктураны даярдоо, автобазаны жаңылоо, үстү жабык унаа токтотуучу жайларды жана жаңы транспорт үчүн көмөк чордон куруу пландалып жатканын айтты.
Азырынча электробустар кайдан сатып алынаары белгисиз. Азия өнүктүрүү банкынын шарты боюнча, сынакка 99 өлкө катыша алат, электробус чыгарган өлкө анын жыйынтыгынын негизинде аныкталат.
Депутаттар келишимдин айрым шарттарына нааразы болду. Ирина Карамушкина - долбоордо кеңеш берүү үчүн толөнө турган акы өтө жогору экенин айтты: “Сиздер 12 электробус сатып алып жатасыздар, бирок алар баары бир шаарга жетишсиз. Мындай насыя алуунун кереги барбы? Бул биз үчүн олуттуу сумма. Долбоорду башкарууга 500 миң доллар, кеңеш берүү үчүн 3 млн доллар жумшаганы жатасыздар. Эмне себептен кызмат көрсөтүү мынчалык кымбат?”, - деди депутат.
Аны Каныбек Иманалиев да колдоп, келишим шартына кеңеш берүү акысын долбоордун 3% ашырбоо керек деген талап киргизүүнү сунуштады.
2020-жылы февралда Азия өнүктүрүү банкы 2020-жылдын аягына чейин 350 электробус сатып алуу үчүн насыя берээри айтылган. Ал долбоор 50 млн долларга бааланган.
Булак: NazarNews.kg