www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү жазуучу Мелис Арыпбек өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга Кайрылуу жасады.

Жазуучу өз кайрылуусунда өлкөдөгү кымбатчылык жана өткөн жылкы башаламандыктан кийин такка отурган эки достун саясаты тууралуу кеп салган.

«Кадырлуу кыргыз калкы! Тилекке каршы, акыркы кезде, эч түшүнүксүз бийлик тараптан кадамдар болуп жатат. Кыргызстандын алтындан дагы алты миллиарддан кымбат, бул мөңгүлөр, демек Суунун башаттары.

Ошол Нарын менен Көкөмерен дайрасы аркалуу биздин ГЭСтер курулуп иштеп жатат. Демек, бул тармагы эбегейсиз баа жеткис жаратылыш берген жалпы кыргыз элинин көөнөрбөс байлыгы. Ошол сууларга кимдер көз артып келишкен? Кошуна өлкөлөр. Алар миңтүркүн амалдар менен ошол суу рессурстарына ээ болуунун амалын ойлоп келишкен.

Эми эмне болуп жатат? Эки Жапаров биригишип, мындан ары ГЭСтерди Казакстан менен Өзбекстан менен биргелешип курабыз - деген чечимге келдик, - дешип жар салыды.

Демек, бул деген мамлекетибизге карата жасалган кечиримсиз диверсия. Агерде, кошуналар акчаларын кошуп, биргеликте салышса, анда алар иштелип чыгарылган электр энергиясына гана эмес, сууга да ээлик кылышып, бизге ар тармактан кыр, сыр көрсөтүп, кысымга ала башташат. Бул турган иш.

Андыктан, чындап эле, ушул кылымдын аферасын эки Жапаровдор кол койшуп ишке ашырышса, анда, Кыргызстанды кызылдай тозокко айландырышат. Бул жагын...

Бул жагын, бөркүңөрдөй эле көргүлө. Эмне кылуу керек? Тезинен ушундай чектен чыккан Чыккынчылыкка жалпыбыз каршы туруп, токтошубуз керек. 

Албетте, ГЭС ди курушубуз керек. А бир ак, инвесторлорду башка алыскы өлкөлөрдөн табышып зарыл. Ошол эле Россия менен ал долбоорлорду ишке ашырсак болот.

Кадырлуу калайык калк! Кыргыздын келечегине Жапаровдор балта чапканы калышыптыр. Биз ушундай «беспределди» кечиктирбей токтотушубуз зарыл.

Келгиле биригип, бийликтин арамза ойлорун, кеч бололекте, ачыкка чыгаралык.

Кандай болгон күндө да, жалпы жумурай журтка тиешелүү кең байлыктар менен суу тармагын эл өз көзөмөлүнө албаса, анда, биз эл, улут, мамлекет катары жок болобуз. Ууру-кескин, арсыз саткын бийлик келип, сатып бүлдүрүп, качып кетеберишет.

Эми бул жолу, адашып алданбайлы», - деп жыйынтыктаган жазуучу Арыпбек.

Ал эми бул маалыматтын чын-төгүн тастыктоо үчүн Ак үй тарапка кайрылдык, тилекке каршы, азырынча эч кандай маалымат бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости