www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров белгилегендей, мыйзам долбоору электрондук акчалар боюнча укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюу, аларды жарандык укуктардын объектиси катары таануу, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте мурастоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. 

«Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарында электрондук акчанын кармоочусу каза болгон учурда анын укуктук режимин, электрондук акча боюнча операцияларды токтотуу жана мураскорлорго которуу тартибин жөнгө салуучу атайын ченемдер жок. Мыйзам долбоору менен электрондук акча боюнча талап кылуу укуктарын мурастык массанын курамына киргизүү жана аларды мураскорлорго өткөрүп берүү тартибин белгилөө аркылуу укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюу сунушталууда», - деди баяндамачы.

Талкуу маалында депутаттар электрондук акча менен накталай эмес акча каражатынын айырмасын тактап, электрондук акчаны пайдалануу жана мурастоо тартибин так укуктук жөнгө салуу зарылдыгына көңүл бурушту. Мындан тышкары мураскерлердин электрондук капчыктарга ээ болуу механизмдерине байланыштуу бир катар суроолор берилди.

Жыйында ошондой эле «Венчурдук каржылоо жөнүндө» жана «Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда колдоо тапты.

Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты венчурдук инвестицияларды стартаптарга, стартап-экосистемага жана инновациялык технологиялар чөйрөсүнө тартуу үчүн укуктук режимди жана жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Мыйзамдык деңгээлде төмөнкү түшүнүктөрдү бекитүү сунушталууда: «венчурдук каржылоо (инвестициялар), венчурдук инвестор, венчурдук башкаруучу, венчурдук фонд, бизнес-ангел, стартап, опциондук келишим, конверттелүүчү кредиттик келишим».

Талкуунун жүрүшүндө эл өкүлдөрү стартаптарды каржылоонун шарттары жана тартиби, венчурдук фонддордун ишинин ачыктыгы, ошондой эле жаңы баштап жаткан ишкерлерди колдоо маселелерине токтолушту.

Последние новости