www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү Эрлан Кокулов борбордук трибунадан сүйлөгөн сөзү кеңири резонанс жаратты. Ал өз сөзүндө «журналисттик мафия» бар экенин ачык айтып, бирок бул боюнча бир дагы далил же ырастоочу документ келтирген жок.
Мындай фактыларга негизделбеген билдирүүлөр кесиптик чөйрөдө тынчсызданууну жаратат. Адистердин айтымында, мындай айыптоолор коомчулуктун жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон ишенимине доо кетирип, ошондой эле журналисттердин аброюна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Мыйзамга ылайык, журналисттик ишмердүүлүк корголот, ал эми ЖМК өкүлдөрү өзүнүн ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоого укуктуу. Ушуга байланыштуу медиакоомчулуктун өкүлдөрү мындай түрдөгү айыптоолор сөзсүз түрдө конкреттүү фактылар менен тастыкталышы керектигин, жалпылама түрдө айтылбашы зарылдыгын белгилешет.
Жактоочу Жанат Гүлжигитов мындай билдирүүлөр жоопсуз калбашы керек деп эсептейт.
Анын пикиринде, журналисттик коомчулук өз укуктарын коргоо үчүн укуктук механизмдерди, анын ичинде сотко кайрылууну колдонууга укуктуу.
Юристтер ошондой эле такталбаган маалыматтарды таратуу мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн экенин эскертишет. Эгерде билдирүүлөр абройго зыян келтирсе, жабыр тарткан тараптар төгүндөөнү жана компенсация талап кылууга укуктуу.
Кокуловдун билдирүүсүнүн айланасындагы кырдаал кеңири суроону жаратат - айрыкча ЖМК ишмердүүлүгү сыяктуу сезимтал темалар жөнүндө сөз болгондо.