www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электрондук сооданын салыгы боюнча ченемдер киргизилди

КР мыйзамдары менен электрондук сооданын салыгы боюнча ченемдер киргизилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын электрондук коммерция жаатындагы мамилелерин жөнгө салуу максатында даярдалды. Бул интеллектуалдык менчик объектилерине өзгөчө укуктарды камтыган товарларды, кызматтарды сатуу, сатып алуу жана алмашуу боюнча электрондук бүтүмдөргө талаптарды белгилөөнү камтыйт. Киргизилип жаткан жаңылык КР салыктык, жарандык, кылмыш кодексине, ошондой эле башка бир катар ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

«Электрондук соода чөйрөсүндө КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамынын долбоору КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары тарабынан КР Өкмөтү менен биргеликте электрондук товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө салык салуунун укуктук негизин түзүү максатында демилгеленген, анын ичинде «Google боюнча салыкты» ишке ашыруу дагы бар.

Салык боюнча сунушталып жаткан өзгөртүүлөр «Санариптик финансылык актив», «Санариптик финансылык активдерди ишке ашыруу», «Электрондук кызмат» сыяктуу жаңы түшүнүктөрдү колдонууну шарттайт. Келечекте бул электрондук түрдөгү менчик  деген эмне экендигин, ошондой эле электрондук түрдөгү жумуштар менен кызматтарды аныктоого жардам берет.

КР Салык кодексин «Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктүн салыгы» жаңы бөлүмү менен толуктоо сунушталууда, анда 2% салык төлөмү белгиленген. Бул Google, Facebook же Instagram сыяктуу социалдык тармактардын өлкөдө расмий иштегенине карабастан, КР аймагында чет өлкөлүк юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлгөн электрондук товарларга, жумуштарга жана кызматтарга салык салууга мүмкүндүк берет.

Бул мыйзам долбоору өлкө парламенти тарабынан кабыл алынса, 2021-жылдан баштап иштин белгиленген түрүнө салык салуунун укуктук негизи түзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости