www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лукашенко эмнеге  ЕБдин

Европа биримдиги (ЕБ) Беларусь окуясы боюнча санкция иштеп чыгып, 40тай адамды "кара тизмеге" киргизди. Бирок ага өлкө лидери Александр Лукашенко кошулбаганын РИА Новости агенттиги жазды.

Мындай кадамдын себептерин ЕБдин кезектеги жыйынынан кийин Франциянын президенти Эммануэль Макрон түшүндүрүп берди.

"Биз Беларусь окуясы боюнча диалогго барууну көздөп жатабыз. Эгер Лукашенкону "кара тизмеге" киргизип койсок, өзүбүз диалогдон баш тарткан болуп калмакпыз. ЕБ Лукашенкону элдин ишенимин сүйлөшүү жолу менен кайтарууга, саясий туткундарды, анын ичинен президенттикке мурдагы талапкерлерди бошотууга чакырат", — деди Макрон.

Буга чейин Европа биримдиги Беларустагы окуяда адам укуктары тебеленди деген жүйө менен беларустук 40тай аткаминерге санкция жарыялай турганын айткан.

Эске салсак, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Тихановская Литвага чыгып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости