www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алайда талкаланган петроглифтердин бузулган бөлүгү калыбына келтирилет. Мындан ары эстеликтердин сактоо максатында, петроглиф эсепке алынып, жайгашкан жердин картасы жана коргоо зонасы тез арада такталат.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Алайда талкаланган тарыхый эстеликтерди көргөнү барды.

2-октябрда таратылган расмий кабарга ылайык, петроглифтердин абалын жеринен иликтөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, археологдор жана атайын адистер тартылган.

Белгилей кетсек, Алай районуна караштуу Мурдаш айылынын жайлоосундагы саймалуу таштар көмүр кенине карай жол салуу максатында талкалана баштаганы сентябрда ачыкка чыккан.

Ал эми аталган жолду «Ак-Жылга» жоопкерчилиги чектелген коому жаңы табылган көмүр кенине жетүү үчүн салган. Ишкана жетекчилиги уруксат ишке берүүчү документтерди 2017-жылы эле алганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости