www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга Өзбекстан жараны мыйзамсыз жол менен 600 миң доллардан ашуун акчаны киргизүү аракетин көргөн. Бирок анын көздөгөнү ишке ашпай,  коңшу өлкөнүн күч органдары тарабынан кармалган. Окуя “Наманган-Касансай” автожолунда болгон.

Анда Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери шектүү унаанын токтотуп, аны текшерүүгө алганда, ичинен 600 миң доллардан ашуун накталай акча чыккан. Акча алып бараткан адам аны Кыргызстандагы кайсы бир үлкөнгө жеткирип берүү тапшырмасын алгандыгын айтып, бул иши үчүн ал аталган сумманын канча бир пайызын сый акы катары алмактыгын билдирген. АКШ долларын болсо ал Наманган облусунун тургунунан алгандыгы тууралуу дагы маалымат берген.

Ошентип, Ошто бир үлкөн 600 миң доллардан кур жалак калыптыр.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости