www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Чынында эле ушундай. Эки жыл мурда менин түрмө жетекчилиги менен салгылашканыма бийлик да, “мыйзамдагы ууру” Камчы да кайдыгер карап коюшкан. Кайра өзүмдү күнөөкөр кылып, бир жыл зонага айдап жиберишкен. Ошондо эле түңүлгөм, “уурунун” таасири деле калбаптыр деп. Батукаев бар кезинде, андан бийлик чочулап, түрмө жетекчилери болсо коркуп турушчу”.
Мындай пикирин коомчулукка ар кайсы күтүүсүз кадамдары, чакырыктары менен белгилүү болгон бир кездеги журналист, кийинки “көмүр королу”, андан соң “кылмышкер” атыгып түрмөгө олтуруп чыккан Нурлан Мотуев учурдагы Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси Мелис Турганбавдин жергиликтүү басылмалардын бирине Камчы Көлбаев кылмыш дүйнөсүнөн четтеп кеткен" деп берген маегине соцтармак аркылуу жооп катары пикир жазып жатып билдирди.
Белгилей кетсек, Мелис Турганбаев анда “Азыр түрмөдө “мыйзамдагы уурулар” да олтурабы?” деген суроого: “Жок, азыр андайлар түрмөдө жок. Майда-чүйдө кримтөбөлдөр бар эми. Ошол эле Камчы Көлбаев эркиндикте, бирок ал мындай иштерден четтеп кеткен деп уккам", – деп жооп берген.
Булак: NazarNews.kg