www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгер чындап эле Баткендин өнүгүүсүн кааласак, 1 000 000 киши (Кыргызстандын ичиндеби же чет мамлекеттеби айырмасы жок) бир банктык счёт ачып ай сайын ошол счетко 100 эле сомдун салып турсак 1 айда 100 000 000 сом болот экен. Мындай пикирин Элетенов Тимур аттуу Facebook колдонуучусу жазып чыкты.
«Эгер чындап эле Баткендин өнүгүүсүн кааласак, 1 000 000 киши (Кыргызстандын ичиндеби же чет мамлекеттеби айырмасы жок) бир банктык счёт ачып ай сайын ошол счётко 100 эле сомдун салып турсак 1 айда 100 000 000 сом болот экен. Эми ай сайын 100 000 000 сомду ирригация тармагына, теплица, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү завод-фабрикаларды курууга, жаңы, заманбап айыл чарба техникаларын сатып алууга, билимге ынтызар окуучуларды келишим менен чет өлкөгө окууга жиберүүгө ж.б.у.с. долбоорлорго жумшап турсак, 5 жылда 70 588 000$дан ашык инвестиция болот экен.
Бир адам үчүн 1 айда 100 сом болбогон акча. Ал эми бир облус үчүн 100 000 000 сом аябагандай чоң инвестиция. Мунун арты менен жеке эле Баткендин эмес Кыргызстандын көптөгөн көйгөйлөрү чечилет. Ушуну ишке ашырса элдин ишенимине ээ менеджер барбы бизде? Болсо ким? Деги эле бул реальный нерсеби?», - деп кошумчалаган Элетенов Тимур.
Булак: NazarNews.kg