www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда өрттөн 92 миллион сомдон ашык материлдык баалуулуктар сакталган. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Өрткө каршы күрөшүү, өрттүн алдын алуу жана авариялык-куткаруу иштери бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ринат Абдульманов билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 4 айында Ысык-Көл облусунун аймагында 115 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун кесепетинен эки адам каза болуп, 6 адам жаракат алган.
Анда материалдык чыгым 12 миллион 59 миң 93 сомду түздү. Эң көп өрт турак жай секторунда катталган.
--"Өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын күчү менен өрттү өчүрүүдө 92 миллион сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталган. Өрттүн негизги себептери - электр жабдууларын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу, отко этият мамиле кылбоо, тамеки чегүүдө этиятсыздык жана башкалар болуп саналат, - дейт Абдульманов .
Эскертүү: Жазгы өрттүн кооптуу мезгили келди: кургак чөп, былтыркы түшкөн жалбырактар кичине учкундан дароо күйүп, өрттүн чыгышына алып келиши мүмкүн. Катуу шамал, жаан-чачындын жетишсиздиги жана абанын жогорку температурасы дагы өрттүн жайылышына себеп болушу мүмкүн. Өрттүн чыгышына жол бербөө үчүн объектилердин, бакчалардын, короолордун аймактарын тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө төмөнкү чараларды колдонуу керек: үйүлгөн таштандыларды аймактардан чыгаруу, суу куюлган идиш орнотуу, таштандыларды өрттөөнү сөзсүз көзөмөлдөңүз. Ал эми токойдо же тоодо жүргөндө күйүп жаткан ширеңкени, тамекинин калдыктарын, айнек идиштерди жана айнектин сыныктарын, майланган жана бензинге малынган тазалоочу материалдарды ыргытпоо зарыл. Эс алуучу жайдан чыкканда, очоктогу күйүү жана түтүн толугу менен токтоп калганга чейин өрттү суу же топурак менен өчүрүңүз.
Булак: NazarNews.kg