www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылтылдап кыргыз баратса, кылгырып көздөн жаш тамат

Кылгырып көздөн жаш таамп турат. Себеби, өлкөбүздүн экономикасы кылтылдап араң жүрүп баратат. Өкмөт кабинет болуп башына экономикадан түк түшүнүгү жок, битин сыгып, канын жалаган, акча дегенде ак эткенден, так эткендер келишти. «Окшошконго мушташкан» кылып биз акча дегенде ичкен ашын таштаган Новиков сыяктуу көпөстөргө кыргыздардын экономикасын ишенип карматканыбыз аз келгенсип, жанына эс алганда ырдап берип турсун деп Жылдыз Бакашова сыяктуу китепканачыны кошуп койдук. Деги дагы эле карышкырларга кой кайтарта баштадыкбы?

Бүгүнкү дүйнөдө экономиканын тармагы абдан кеңири кулач жайган. Алсак: маркетинг, менеджмент, финансы, макроэкономика, микроэкономика. Негизги эки тармак микроэкономика менен макроэкономикага токтоло кетели. Бир үй-бүлөнүн жай чарбасы же фирма экономикалык көз-караш менен алганда бирдей деңгээлде эле каралып микроэкономикада окутулуп үйрөтүлөт. Үй-бүлөнү же фирманы көтөрүш үчүн эмнелерди билиш керек? Албетте, базар баасын, сунуш, талапты кантип сатыш керек, кантип алыш керек. Муну азыркы кыргыздын бокмурун балдары деле билет. Биздин азыркы кабинетте иштегендердин экономикадагы деңгээли ушул эле. Анын үстүндө 90-жылга чейин бизнес жок болгондуктан, кээ бирөөлөрдүн миллиардаган акчалары таза келди деп ким кепил боло алат? Отуз жылдан бери биздин өлкөдө жапайы бизнес өкүм сүрүп келе жатат. Бирөөдөн алып жуткандар, бийлигине таянгандар, айласы кеткенде криминалдык жол менен байлык топтоп жатышканы белгилүү. Эми макроэкономикага келели. Макроэкономика - бул татаал илим. Буга көрүнгөндүн эле башы жете бербейт. Биз экономикасы өнүккөн жана начар мамлекеттер деп атабыз. Мамлекетте иш табылабы, кандай төлөнөт, товар тейлөөлөрдүн наркы кандай, алар кантип өзгөрүлөт. Кандай товарларды башка мамлекетке алып чыгып сатып, кандай товарларды сатып алса болот, валюталык курстун, жумушсуздуктун, экономикалык өсүүлөрдүн, инфляциянын деңгээли канча болот. Макроэкономика ушул сыяктуу мамлекеттик деңгээлдеги экономикалык анализ жүргүзөт.

Акча дегенде ак эткенден так этип, ата-энесин сатып ийе турган сүткорлор элине эч качан жакшылык кылган эмес. Муну далилдеп берсе болот. Өткөн кылымдын отузунчу жылдары америкалык ач көз империалист- бизнесмендер элинин канын кактабай сорушуп, байлыктын чегине жетишкен. Кара таман калктын кара курсагын тойгузууга каражаты калбай калган. Дөдөй империалист-бизнесмендердин элине кара санаганын мына мындан билсе болот, алар ашыкча чыгарган азык-түлүк, товарларын баасы түшүп калбасын деп арзандатышкандан коркушуп, миллиондогон тоннаны океанга алып барып төгүшкөн. Ошентин Улуу экономикалык кризиске жол ачылган. Калайык-калк ачкадан кырыла баштаган, алардын кесири бүт дүйнөгө тарап, казак туугандар ачкалыктан бизге тентип келишкени белгилүү. Ошол мезгилде империалисттик мамлекеттерди бүтүндөй дөөгүрсүгөн бизнес чөйрөсүндөгүлөр башкарган. СССР болсо империализмдин күнү бүттү деп куран окутууга даярдана баштаган. Ошондо англиялык экономист Жон Кейнс болбосо капиталисттик дүйнө урап калмак. Кейнс рыноктук экономикага негиз салып, микроэкономикалык бизнесмендердин экономикасын аттап өтүп, макроэкономикага жол ачкан. Кейнстин эмгеги менен мамлекет экономиканы жөнгө салуунун жолдорун тапкан. Монополист-бизнесмендерге мурунтук салынып, рынок экономикасынын шарттары иштелип чыккан.

Мына биз да мамлекетибиздин экономикасын жеп жутарлардын колуна салып берип койдук. «Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет» дешчү ата-бабабыз. Биз эки жолу сүткө оозубузду күйгүздүк. Сүткө тойгон торпоктой болгон  Сапар Исаковго окшогондор дардалаңдап жүрүп кыргыз элине не деген шумдуктарды көрсөтпөдү. Ак пейил кыргыз элбиз да жуттардан тажабай койдук. Бизге элдин түйшүгүн сезген жетекчилер дем алган абадай эле керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости