www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн шейшемби күнү УКМК кызматкери Максат Мамырканов менен коомдук ишмер Эдил Байсаловдун "Азаттык" радиосундагы Кулматовдун орус атуулдугунун тегерегинде талкуусу «Ютуб» каналында тарады.
Мамырканов "мурун чет өлкөлүк жаран болгон бир дагы киши бийликке жакындатылбашы керек" деген пикирин жактаса, Байсалов "биздин эң мыктыларыбыз азыр четте иштеп окуп, мекенди багып атышат, жыргаганынан эмес, шарттуу негизде чет өлкөлүк паспортторун да алып жатышат, алар Кыргызстанды башкарууга катышууга укуктуу, жөн гана мамкызматка өтөөрдөн мурда, башка атуулдуктан баш тартышы милдет" деп күпүлдөдү.
Чын эле, биз УКМК Кулматовко каршы экинчи кылмыш ишин туура деп тапсак, кылмышкер деп жүз миңдеген азыркы эки паспорту бар мигранттарыбызды жарыялайбыз. Бул саясат жакшылыкка алып келбейт. Четке чыккан кыргыздарды биз мекен менен байланышын үзбөөгө шарт түзүп беришибиз керек, убагы келгенде алар кайтып, толук кандуу жашоого катышып, депутат, министр, керек болсо президент катары шайланып, элин жыргатса.эмнеге каршы болмок элек?!
"Четте жашап калган кыргыз сөзсүз эле шпион же душман болуп калат" деп Мамырканов мырза кайсы бети менен айтып атат? Ал өзү 2008-жылы апрель айында Аскер соту тарабынан мамлекетик сырды жашыра албаганы үчүн колония-поселенияга кесилгенин эмнеге айтпайт? Баары ачык болгону жакшы эмеспи...
Булак: Жаңы ОРДО