www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Горький көчөсү, 1Б дарегинде Elite House компаниясынын уруксатсыз өз алдынча курулуш баштаганы аныкталды. Бул туурасында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мындан улам аталган объектини курууну токтотуу тууралуу компанияга кабарлама берилген.

"Мындан сырткары, тийиштүү шаардык кызматтарга суу түтүктөрүн жана электр энергиясын берүүнү токтотуу боюнча кат жиберилди. Бирок башкармалыктын талаптарына карабай объектиде курулуш иштери улантылып жатат. Муну менен "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамдар бузулууда", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык архитектуралык курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы мыйзамсыз курулуш фактысы боюнча документтерди сотко өткөрүп берген.

"Шаардык башкармалык Elite House компаниясынын башка объектилери боюнча да соттошуп жатат. Алардын бири Чуйков, 132, 132/2 ("Эль Классик", "Эль Классик Плюс" турак жай комплекси), экинчиси Кулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде ("Элитный квартал" турак жай комплекси) жайгашкан", — деп билдирди агенттик.

Мамкурулуш курулушчуларды архитектура жана шаар куруу мыйзамдарын тыкыр сактоону өтүнөт. Ал эми Шаардык архитектуралык курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу иштерин улантары белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости