www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Воронежде миграция департаментинин кызматкери иш кагаздарын жүргүзүү учурунда мигранттын курсагына чыканагы менен чаап, жулкулдатканы үчүн жумуштан бошотулду. Буга чейин социалдык тармактарда резонанстуу видео тараган.
Москвалык укук коргоочу Бахром Исмаиловдун айтымында, “7-июлда Вести-Воронеж гезитинин кечки маалыматында Орусиянын Ички иштер министрлигинин Воронеж облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилиги ички иш-чара өткөргөндүгү кабарланган. Бул факты боюнча текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында Өзбекстандын жаранына орой мамиле жасаган кызматкер жумуштан бошотулуп, анын жетекчиси дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.
Социалдык тармактарда видеого нааразы болгон жүздөгөн колдонуучулар комментарий бергенден кийин Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги видеодо тартылган жарандын өздүгү такталган.
Ал 2022-жылдын 1-июнунда Воронежге иштөө үчүн келген Өзбекстандын жараны экени аныкталган. 28-июнда Миграция борборунда манжа изин алуу учурунда кызматкер ага күч колдонуп, курсагына түрткөн.
Мигрант окуядан кийин ден соолугуна нааразычылыгы жок экенин билдирген. Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги текшерүү жүргүзүп, окуя боюнча тиешелүү органдарга маалымат жөнөттү.
Булак: NazarNews.kg