www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Рождество майрамын Виндзор сепилинде өткөрөт. Бул тууралуу Sky News телеканалы Букингем сарайына шилтеме берүү менен билдирди.

"Ханыша Рождество майрамын салттуу түрдө майрамдалган Сандрингем сарайында эмес, Виндзор сепилинде өткөрөт", — деп билдирди телеканал.

Королдук үй-бүлө мүчөлөрүнүн да дем алыш күндөрү Виндзорго келери жана сарайда керектүү коопсуздук чараларынын көрүлө турганы айтылууда.

Маалымат үчүн айта кетсек, Улуу Британияда COVID-19 инфекциясынын көбөйүшүнө байланыштуу Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Рождествонун алдында үй-бүлөлүк иш-чарасын токтоткон. Королева коопсуздук боюнча адистердин кеңешин аткарып, Рождество майрамдарына жакын туугандарын Сандрингем сарайында тосуп алууну көздөөдө.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости