www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлүм көрсөткүчү боюнча коронавирус - жугузулган иммундук жетишсиздик вирусунан (ВИЧ), безгектен жана кургак учуктан ашып түштү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ВОЗ) билдирди.

ДСУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюстун айтымында, жыл башынан бери COVID-19дан 3,3 миллиондон ашуун адам каза болгон. Бул көрсөткүч 2020-жылы ВИЧ, безгек жана кургак учуктан каза болгондордун жалпы санынан ашты.

Анын айтымында, коронавирус жумасына 50,000ге жакын адамдын өлүмүнө алып келүүдө. Бул жөн гана расмий эсептөөлөр, бирок күтүлбөгөн жерден каза болгондор да көп. Пандемиядан улам медициналык кызматтардын үзгүлтүккө учурашынан улам каза болгондор да эсепке алынган эмес.

Гебрейесус омикрон штаммынын дельтага караганда тезирээк жайылып жатканына көңүл буруп, бул үчүн азыр «ишенимдүү далилдер» бар экенин белгиледи.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, алдыдагы майрамдар инфекциялардын дагы өсүшүнө жана ага жараша өлүмгө алып келишине, ошондой эле ооруканалардагы бейтаптардын санынын ашыкча көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Буга байланыштуу уюм майрамдык иш-чараларды жокко чыгарууга же кийинкиге калтырууга чакырды.

Последние новости