www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II тажыясына дүйнөнүн булуң-бурчунан 500гө жакын расмий өкүлдөр келет. DPA маалымат агенттиги Уайтхолл сарайындагы жеке булактарына таянып, ханышаны акыркы сапарга узатуу зыйнатына Орусиянын, Беларустун жана Мьянманын өлкө жетекчилерине чакыруу жөнөтүлбөгөнүн жазды. Ал эми Ирандан элчилердин деңгээлинде гана өкүл болот.

Кремлдин басма сөз кызматы өткөн аптада президент Владимир Путиндин ханышанын Лондондо өтө турган тажыясына катышуу планы жок экенин билдирген.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына чакырылгандардын көбү, анын ичинде АКШнын президенти Жо Байден, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жана Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн келерин ырастады.

19-сентябрда Улуу Британияда 1965-жылы Уинстон Черчилл каза болгондон берки биринчи мамлекеттик деңгээлдеги тажыя өтөт. Коштошуу зыйнатынан кийин ханышанын сөөгү салынган табыт Виндзор сарайына алып келинип, ошол жактан жерге берилет.

Британ ханышасы Елизавета II Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында 8-сентябрда каза болгон.
96 жашында дүйнөдөн кайткан Елизавета II Британиянын тарыхында тактыда эң узак отурган жетекчи болуп калды. Ал өлкөнү 70 жыл башкарды.

Анын уулу Чарльз III Улуу Британиянын жаңы падышасы болгонун Мураскерлер кеңеши 10-сентябрда расмий жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости