www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-сентябрда Рим папасы Франциск дүйнөлүк диний лидерлердин курултайына катышуу үчүн Казакстанга барды. Аны аэропорттон Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алганын “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

Рим папасы Франциск Казакстанда үч күн болот. Ал Борбор Азия өлкөсүнө келген экинчи папа болуп калды. 2001-жылы Рим папасы Иоанн Павел II Казакстанга ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен барган.

85 жаштагы Франциск 2013-жылы шайлангандан бери Борбор Азияга бара элек болчу. Ал Орусиянын Украинага кол салышын бир нече жолу айыптап, согушка каршылыгын билдирген.

Фрэнсис буга чейин патриарх Кирилл менен диний лидерлердин саммиттинде жолугууга үмүттөнөрүн билдирген. Бирок өткөн аптада Орус православ чиркөөсүнүн төрагасынын басма сөз катчысы патриарх Кирилл бул иш-чарага катышпай турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости