www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз кыздарынын намысын түшүрүп, токол болууга чакыруу – эмне деген пастык?! Чынын айтуу керек – илгери токолдукка бир жеринде мандеми бар ургаачылар же өтө жарды кембагалдын кыздары кеткен. Бул тууралуу пикирин Элмира Ажыканова өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Башкача айтканда, 2-сорттогу ургаачылар токол болгон. Бир кедейге кымбат баалуу чепкен беришиптир дейт. Андайды мурда кийип көрбөгөн байкуш аны бирөөгө берип: - Муну кийе албай жатам, сен кийип эскиргенде берчи мага, - деген экен. Анын сыңарындай, чү дегенде эле токол болгула деген не жакшылык. Андан көрө бирөөгө татыктуу жубай болуп, өмүр бою кол кармашып, бейпил, тынч өмүр өткөрөлү дебейби?! Ар бир ургаачы күйөөсүнүн жалгыз сүйүктүүсү болсун! Ар бир аял барган жерин очор-бачар шаарга айлантсын. Кыргыз бекеринен “Эки уйлуунун үйү айран, эки аялдуунун үйү ойрон” деген эмес.
Кай заманда жашап жатабыз? 21-кылым!!! Эки аял алуу, токол болуу деген түшүнүктөр кайсы акылга сыят?, - деп кошумчалаган Элмира айым.
Эске сала кетсек буга чейин, Назира Бегим өзүнүн Фейсбук баракчасынан эркектерди токол алууга үндөгөн.
Булак: NazarNews.kg