www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кабулдан качкандардан эркектердин көптүгү абдан таң калтырды", - дейт эксперт Элмира Ногойбаева. 

--"Мени кечээки Кабулдан качкандардын окуясындагы эркектердин көптүгү абдан таң калтырды. Бирок биз бардык согуштарда аялдар менен балдар көбүрөөк жабыркай турганын билебиз.

Биздин аларга качкындар катары көрсөткөн жардамыбыз жетиштүү болушу керек. Бүгүн биз студенттер жөнүндө сөз кылуудабыз. Ал жактагы улуттук азчылыктардын, аялдардын күнү кандай болот? Бул жардамды жөн гана башпаанек берүү эмес, көп жагынан алып карасак болот. Андан ары эмне кылсак болот? Бул азыр көптөр үчүн чоң суроо. Биздин регион үчүн эле эмес, бул толкун дүйнө үчүн жаңы чакырык... Бул чоң суроо!", - дейт серепчи. 

Эскерте кетсек, 15-августта "Талибан" кыймылы Кабулду өз карамагына өткөргөн. Талибдер Ооганстандын бардык аймагын ээлеп алган. Алар "Ислам эмиратын" түзүүнү пландоодо. Көпчүлүк тургундар башка жактарга кетип жатышат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости