www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Афганистанга гуманитардык жардам жөнөтөт

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кечээ, 18-августта АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцерди жана АКШнын Кыргызстандагы миссиясынын башчысынын орун басары Соната Колтерди кабыл алды.

КРнын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Министр Казакбаев АКШга Казакстан менен биргеликте Афганистандан 15 кыргыз жаранын үчүнчү өлкөгө чыгарып кеткендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Сирия менен Ирактан Кыргыз Республикасынын жарандары болгон жашы жете элек балдарды жана аялдарды биргелешип эвакуациялоо мүмкүнчүлүгүн издөө маанилүү экендигин белгиледи.

Казакбаев Кыргыз Республикасынын президенти С.Жапаровдун Афганистандын көп улуттуу элине зарыл болгон гуманитардык жардам көрсөтүү тапшырмасы тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, афганистандык 500 студентке Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн виза берүү, ошондой эле Афганистанда абал турукташып, учактардын учуусу коопсуз болгондо керектүү азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам жөнөтүлөрү айтылды.

АКШ тарап кыргыз тараптын Афганистандын жарандарына студенттик виза берүү чечимин оң баалады жана АКШнын Бишкекте жайгашкан Борбордук Азиядагы Америка университетинде 150гө чейин афган студенттерин каржылоого даяр экенин билдирди.

Кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун башка артыкчылыктуу багыттары өзүнчө талкууланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости