www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги айтымчы Элмира Сатыбалды кызы менен баарлашып, элди, мамлекетти дүрбөлөңгө салып, кооптуу жагдай жаратып жаткан коронавирус тууралуу пикир алыштык.
--Бүт дүйнөнү түйшөлтүп, азапка салып жаткан коронавирус бул жөн жерден эле чыга калган жок. Бул кара энергия. Ошон үчүн чоң державаларда күч алып, оорунун жайылышы да тездеп, ал турсун ал жакта өлүм да көп болуп жатат. Негизи кара энергия адамдын пейили кетип, эч кимге жакшылык кылгысы келбей калгандан, талаш-тартыш күчөгөндөн, нааразычылык көбөйгөндөн улам пайда болот. Ошондой эле кара энергия адамдын клеткаларынан бери жабыркатып, коркок кылып, дартка бат чалдыга турган кылып коёт.
“Манас уксак коронавирус жеңил өтөт”
Коронавирус Кыргызстанга келгени менен буюрса, бизден жеңил өтөт. Айтайын дегеним, башында кара булут сыяктуу уюлгуп турган капкара энергияны көрчүмүн. Азыр ал кара энергия тарап азайып калды. Анткени, бизди Манас ата, Каныкей эне, Курманжан эне баштаган ыйык рухтар, пайгамбарлар баштаган ыйык күчтөр колдоп жатат. Кыргыздар ата тегибизге арнап куран окуп, курмандык чалып турганыбыз үчүн, рухту ыраазы кылган салт-санаабыз болгону үчүн коронавирус каныбызга анча сиңе албай, грипп формасында эле өтөт. Өлүм деле андай көп болбойт. Ошондой болсо да, жакшылыктан үмүт кылып, бата тилеп, ак тилектерди тилешибиз керек. Жакшы ниет, жакшы тилек да жамандыктан коргойт. Кара энергиядан арылыш үчүн Манас угушубуз керек. Манас угуу да духту көтөрөт, дартты алыстатат.
Ошондой эле эл да, бийлик башындагылар да, эл да пейилин оңдошу керек. Бул сыноо жөн эле келбегенин оо адамзат эсиңе кел деген белги берилип жатканын түшүнүшүбүз керек. Мага кыяматка-акыйкат деген аян келди. Ыйык китептеги жазуулар ишке аша баштады деген да белгилер байкала баштады. Адамзат табийгатка аяр мамиле кылышы керек, өзгөрүшү керек. Антпесек табигый кырсыктар боло бериши ыктымал деген белгилер келе баштады...
“Колунда барлар элге канчалык көп кайрылышса, үй бүлөсүнө ырыскы ошончолук көп келет”
--Баса, бийликтегилер түшкөн каражатты туура пайдаланып, ар бир сомун эсепке алышы шарт. Антпесе каражаттын эсебин берер убакыт да тез эле келип калат. Колунда барлар көбүрөөк соопчулук кылып, жардамга муктаждардан аянбашы керек. Канчалык көп элге кайрылышса, үй бүлөсүнө ырыскы ошончолук көп келет. Зобололору көтөрүлөт.
“Улуу күчтөргө сыйынып, тиленишибиз керек”
--Касиеттүү адамдар бул жыл бурулуштарга бай жыл болоорун, 20-02 өзгөчө жыл болоорун, түрдүү кубулуштарга бай болоорун эбак эле билгенбиз. Кыргызстанга жакшы жыл боло көр деп улуу күчтөргө сыйынып, элибизге бүткүл адамзатка тынчтык тилечүбүз. Адамзат ыйманга келип, кут жаайт деп күткөнбүз. Касиеттүү жолдогулар жараткандын нуру жаасын деген максатта тилек кылып, нур дүйнө деп айта баштаганбыз.
Рухтарды ыраазы кылсак, руханий байлык менен келген апаат, сыноонун баарын жеңебиз. Мамлекетибиз да туура багытта өнүгүүгө багыт алдыра алабыз. Антпесек, чайналып кыйынчылыктан башыбыз чыкпай, азаптуу күндөрдү баштан кечирип, эл бийликке, бийлик элге нааразы болуп, опурталдуу мезгилдерди баштан кечирип жүрө беребиз. Буюрса ыйык айда элди кооптонткон, мамлекет башчыны санаркаткан көп нерселер токтоп калат.
Булак: “NazarNews.kg”