www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-апрель күнү кыргыздын чыгаан төкмө акыны Элмирбек Иманалиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилди. Маркум акын тоо булбулу атыккан айтылуу ырчы, атактуу обончу Муса Баетовдун жанына коюлду. Коштошууга келгендер топурак салып, куран окулду.

Белгилүү акын 20-апрелде 42 жаш курагында дүйнө салган. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына көптөгөн белгилүү адамдар, бийлик өкүлдөрү жана калың эл катышты. Баардыгы улуу акынды жоктоп, аза күтүштү. Элмирбек Иманалиевдин артына калтырып кеткен изи эскерилди. Президенттин атынан жакындарына жана жалпы кыргыз журтуна көңүл айтылды.

Белгилей кетсек, КРнын Эл артисти, белгилүү төкмө акын, ырчы Элмирбек Иманалиев 19-апрелде ооруканага түшүп, 20-апрель күнү каза болгон.

Эске сала кетсек, "Ала-Арча" көрүстөнүнө белгилүү инсандарынын сөөгү бир гана өкмөттүн уруксаты менен коюлат. Союз убагынан бери "Ала-Арча" көрүстөнүндө Кыргызстандын миңге жакын белгилүү инсандарынын сөөктөрү коюлган.

NazarNewsтун жалпы жамааты маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости