www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир мандаттуу округдардан талапкерлер белгилүү боло баштады. Өзгөн аймагы Боюнча Жазы шайлоо округунан ЖКнын азыркы депутаттары Аалы Карашев, мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев, “Ак Калпак” саясий партиясынын лидери Улукбек Маматаев аттаныптыр.

Күрөш катуу болчудай. Аты белгилүү лөктөр өздөрүнүн кадырларына, салмактарына, азбы, көппү электоратына ишенишсе, Улукбек Маматаев эмнеге ишенет?

Саясий, каржылык ресурстары жагынан тигилерге жетпесе да, демократиялык багытка сугарылган саясатчы, өлкөнүн саясий, экономикалык турмушуна кайдыгер карабаган адам катары белгилүү.

Дайыма чындыкты айтып, калыс пикирин билдирип келет. Шайлоонун жүрүшүндө мына ушул артыкчылыгын пайдаланып, атаандаштарын жеңүүгө аракет кылары бышык.

Кандай болгон күндө да элдин көөнүнө толгондор, шайлоочулардын ишенимине ээ болгон татыктуулар шайланып келишсин. Баарын шайлоочулар чечет.

Антсе да, учур талабына шайкеш десек Улукбек Маматаев жаңы муундун өкүлү катары эл тандоосуна ээ болууга мүмкүнчүлүгү артыкчадай.

Булак: Майдан.kg гезити

Последние новости