www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы кездердеги саясий окуялардан кийин качып кеткен, качкын Сапар Исаковдун коомчулукка таркаткан билдирүүсү көпчүлүккө кызыкчылык деле жаратпай талкууга деле алынбады. Исаков “адилеттик болору менен өлкөгө кайтып келем” деп, Бабановго окшоп кыңкылдап да койду эле. Ал тургай азыркы бийликтердин шарапаты менен өлкөдө адилеттик орнойт деген үмүттө турганын жашырбаган эле. Өзү өкмөт башкарып, Атамбаев президенттик бийлик жүргүзүп турганда кандай адилетсиздиктер, куугунтуктар, соттордун акыйкатсыздыгы болгонун эскеда алган жок.

Тилекке каршы кызматта турганда ТЭЦ деген долбоор эмнеге кыргыз элине каршы иштелген? Эмнеге баасы асмандап, бирок элге кымындай пайдасы болбоду? Азыр дагы эле ТЭЦтин маселеси чыгып жатат? – деген суроо жаралат. Ал эми олчойгон карызды ким төлөйт? Атамбаев менен Исаковбу? Жок, эл төлөйт.

Садыр Жапаровдон кийин «Президент боломун» деп акырын упай топтогонго аракет кылган Сапар ууру кызматта жүргөндө «тарых музейи менин эң жакшы ишим болду» деп мактанып жүрдү эле.

Кандай жакшы иш экенин жыйынтыгын көрдүк. Эл үчүн, мамлекет үчүн эмес, жеке чөнтөк үчүн абдан пайдалуу иш болгон экен. Жыгач аттардын баасы асман чапчып, элдин жакасын карматканы эл унутпаса керек. Анан дагы «менин кыпындай кара ишим жок» деп айтып, жаш башы менен барып турган эле калпычылык, жанын жегендиги кандай, капырай.

Билесиздерби, «Мага кол салуу болуп, анан качып кеттим» деген эле. Октябрь окуяларында бир эле Исаковго эмес, баары үчүн кооптуу, коркунучтуу болгон. Майып болгондордун жаны Исаковдун жанынчалык ширин эмеспи? Ал кезде «кимди-ким көрдү, быржыбайды там басты» болуп жатпады беле? Исаков таза болсо, ак болсо, таптакыр качмак эмес, башкалары деле качышкан жок. Анын өлүмү ушунчалык эле бирөөгө керек эмес болчу.

«Эгер соттор адилеттүү болсо, мен акталам», деп чыккан. Дал ошол адилеттүү сот Атамбаев менен Исаковдун учурунда болгон эмес, баары бийликтин буйругу менен иштеп турган.

Андыктан Сапарчик четте качып жүрө бербей, келип соттон акталыш керек. Ак киши качпайт, кылмышы бар киши качат. Эгер ак болсо, келет жана соттон акталат. Баарын ордуна коёт.

Ошондуктан Исаков сотторго эмес, ириде өзүнө ишениши керек. Акмынбы же жокпу? – деп биринчи өзүнө суроо коюп, жообун табышы керек.

Сапар Исаковдун Ильгиз Шаменовго окшогон балык багаар тарапташтары «Сапар президент» деп аңкылдап жүргөнү эсибизде. Бийликте турганда бешиктен бели чыкпай жатып, мамлекеттик казынага кол салып, уурулукту катырга кылган Сапардын, Шаменовго окшогон тарапташтары аман эле болсун.

Баса, Исаков Москва тарапка ары-бери кыйшаңдап, Садыр Жапаровдон кийин президенттике талапкерлигин сунуштап, умтулганын уктук. Айтор, Москва тарап коррупционер экенин билгенби, сунушун четке каккандан кийин Европа тарапка багыт алган. Сапардын, сапары байсалдуу болсун! Мамлекеттик кызматта турганда мамлекетти кыйратпаган эми кыйратмак беле?  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости