www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кайып Шер ага, гезитибиздин өткөн санында Ата-Бейиттеги мүрзөнү тазалоо демилгесин көтөрүп, мародёрлуктан, бирөөнүн мүлкүн басып алуудан улам каза болгондор бар экенин билдирген элеңиз. Эл ичинен колдогондор чыгып жатат. Ошол 7-апрелдеги окуяны тереңирээк айтып, эмне үчүн Ата-Бейитти тазалашыбыз керектигин бышыктап кетсеңиз?

- Улам жаш өйдөгөлөгөн сайын кууланбай, артистенбей, акыл-ойду ары-бери калчап калат экенсиң. Анын үстүнө балдарыбыз, инилерибиз чоңойду дегендей, акты ак деп айтышыбыз керек да. Албетте, 2010-жылы тарыхый окуя болду, эми биз агыбыздан жарыла турган күн келди. Айыптуулар бүт баары жооп бериши керек. 2010-жылдагы окуяга чейин айрым саясий топтор: «муну өлтүрдү, тигини өлтүрдү» деп кеткен бийликти канкор катары көрсөтүп, коомдук пикирди калыптандырышкан да. Ошондон улам ак-карасы иргелбей, бакиевдер бир тараптуу күнөөлөнүп калган.

Эми ошонун аныгына жетишибиз керек. Ооба, биз саясий туткундар бошотулсун жана элдин көкөйүнө көк таштай тийген көйгөйлөр чечилсин деп чыкканбыз. Мен азыркы бийликтен деле суранып жатпаймынбы, камакта жаткандардын баарын үй камагына чыгарып кой деп.

2010-жылы дагы биз ушинтип кыйкырып, «саясий туткундар чыксын!» деп туу көтөргөнбүз. Бирок, оппозицияда ниети бузуктар, чет элдиктерди колдогон бир ууч топтор болгон экен, кийин билдик. Биз Бакиев элдин алдына чыксын, көйгөйлөрдү уксун, камактагыларды чыгарсын, өлкөбүздө ынтымак болсун, бөлүнбөйлү, жарылбайлы деген ойдо келгенбиз.

Менин баамымда ал киши чыкмак элге, бирок, анын кетишин каалаган күчтөр үстөмдүк кылды. Ошол окуяда аянтка колтугуна курал көтөрө келгендер болуптур. Эми жашырбай эле ачык айтышым керек, калыстык дагы болушу керек да. Колуна граната ала келип курсанттар менен милицияга ыргыткандар болгон. Арак ичкендер жүргөн. Темир Сариев аларга чыгып алып ошол күнү айтып жатпайбы, арак жок, болду, түгөндү депчи. Өздөрү арак берген окшойт.

- Ок чыгаруу эки тараптан тең болгонбу?

- Мылтыктар атылып, Бакиевдин отурган кабинетинин терезесине снайпердин огу тийгенин көрбөдүкпү. Анан кызматкерлер мыйзамды аткарып, жооп иретинде ок чыгарган. Анан улам кайталанып отуруп жанагындай оор жагдайга жетти да. Мас балдарды дагы кой-ай, жөн турчу алдыгыны баспай деп тилдеп келе жаттык биз. Бирок, мастар тил укпай, улам алдыга жуткунуп жатты. Колунда мылтыгы барлар Ак үйдү каратып канча ирет ок атты. Кудай акы, көпчүлүктүн арасында андайлар да болду.

Бирок, бул жактан дагы жооп болуп атты да. Бүгүнкү күндө коомдо талкуу болуп, «Ак үй тараптан эмес, артынан атылып, чачманын огу тийип, арматура же туюк темир менен чабылып өлгөндөрдү Ата-Бейитке койдуңар» десе, жети өмүрүбүз жерге кирип, башыбызды шылкыйтып калып жатабыз. Бийликке жетүүнү эңсегендер өлүмдүн санын көбөйтүш үчүн эки жактан ташып келди деген сөздөр улам көбөйүүдө. Аны жок деп дагы азыр кесе айта албайбыз, анткени медициналык экспертизалар арматура төбөсүнө тийип, аркасынан атылып же арак ичкенден улам өлгөнүн тастыктаган.

Байболов өз сөзүндө, «Бакиев Ак үйдөн чыгып кеткенде 15 адам өлгөн, калганын кайдан коштуңар» деп айткан эле. Чындыгында эле аянтта 90 баланын өлүгү жаткан эмес, ок тийипчи. Ачык эле айтайынчы, мен ошол жерде турдум да. Ооба, жаракат алгандар болуп жатты, бирок анчалык эмес болчу. Биз Бакиевди алып келип ошонун аныгына жетишибиз керек. Болбосо суроолор туула берет.

Албетте, Отунбаева менен Атамбаев баштаган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн 40 жылдан каматып салалы дегенден алыспыз. Аныгына жетип, ак барактан башташ керек. Эл ынтымакка келиш керек.

- Ошондо, Бакиевди алып келсек ынтымак башталабы?

- Бийлик ынтымакка кадам таштап, Акаевди алып келди. Демек, эми Бакиевди дагы сөзсүз алып келиши керек. Муну элдин 70-80 пайызы айтып жатат. Мурун келбесин деген тарап көбүрөөк болчу, арасында Апрель революциясынын баатыры катары мен да бар элем, бирок, Убактылуу Өкмөт жанагындай былык иштерди жасагандыктан, жийиркенип калды. Жакындары окко учкан, жаракат алгандардын көпчүлүгү ушундай сүйлөп жатат.

«Макул, келсинчи, ушул убакка чейин Убактылуу Өкмөттү гана угуп келдик. Эми Бакиевди дагы угалы» деп жатат. Бакиев: «Мыйзамдын канжарына желкемди тоcуп келдим, менин дагы үнүмдү угуп койгула!» десе, анда эл-журт угушубуз керек. Мен дагы кызыктармын Бакиевдин жообун укканга. Аны сөзсүз угушубуз керек. Биздин үмүтүбүзгө суу сепкендерден түңүлдүк.

Мисалы, Атамбаев. Отунбаева, Сариев, Текебаев ж.б. өздөрүнүн балдарын революцияда катып коюп, бей-бечаралардын балдарын окко салып берди. Аянтта бечаранын балдары окко учуп жатканда Атамбаев душка түшүп, жуунуп жүргөн. Анан мамлекетти тоношту. Бүгүнкү күндө Атамбаев баш болгон Убактылуу Өкмөттүн бири да кускан жок. Бул калыстык эмес да. Атамбаев тээ башынан бери, 2010-жылдагы 7-апрель жана 10-июнь, 2019-жылдагы Кой-Таш, 2020-жылдагы 6-октябрь сындуу кан төккөн окуялардын башында туруп же катарында болуп келди. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө дагы Атамбаев канга тойбой, төңкөрүш менен баатыр болуп чыккысы келип жатат. Ага эч качан жол бербеш керек. Атамбаев чыга электе Бакиев келсин, экөөбү түрмөдө отуруп сүйлөшсүн. Сариев дагы түрмөдө Текебаев гана чыгып кетти.

- Өздөрүнчө сүйлөшсүнбү?

- Маселени кабыргасынан чечип алалы да. Ошол окуяда карапайым эл чыкканбыз. Бирден тишибизди кемирип коюп отурабыз азыр, элде болсунчу элден кийин бизде болсунчу деп. 2010-жылдагы окуянын ак-карасын ажыратпайын бир пикирге келип, актай барактан баштай албашыбыз айдан ачык болуп калды.

Бүгүн биз мамлекеттин кызыкчылыгы керек. Бакиев келиши зарыл, ага шарт түзөлү. Атамбаев ушунчалык эле таза болгон болсо, тергөөдөн качпайт эле. Мына, Сооронбай Жээнбеков УКМКга суракка 2-3 жолу барды. Бир тууганын камады эле, мыйзамды сыйлап отурат. Мыйзамга биз баш ийебиз деп турат.

Мен билем, Атамбаев өзү катып алган байлыкты кайтарбаш үчүн чоң жаңжал ды баштаганы жатат. Ага opус туугандар шыкакчы болушу ыктымал Садыр Жапаров жакшы эле иштейин деп аракеттенип жатат. Мага деле көп иштери жакпайт эки достун. Бирок, убакыт беришибиз керек да, жарга такабай. Мекенибизде жарандык согуш чыгарып албайлы. Бир нерсени белгилеп кетейин, мен мурун Россияны кыйын мактачумун. Бүгүнкү күндө билип жатам, Россия түзөөчүдөй эмес, кайра алар бизди кычаштырып жатат. Тажиктерди тукуруп. Садыр менен Камчы бүгүнкү күндө башын сайып иштеп жатат. Орустардын кысымынан улам жол издеп, эл-журтумду багып алайын деп аракеттенишүүдө. Буга чейин булардын жакшы жагын айтпай келгем, эми айтууга туура келип жатат. Азыркы кымбатчылык Садыр менен Камчынын күнөөсү эмес, бүт баарына мен мактаган орустар күнөөлүү. 2010-жылдагы кандуу окуяга да Орусия күнөөлү. Бакиевди алып келсек, Кытай менен оокат кылып кетебиз.

- Апрель революциясында өлгөн мародёрлорду Ата-Бейитке койсо, демек, жерди кантип тазалаш керек?

- Апрелде шейит кеткендердин коюлган сөөктөрүн өз айылдарына койдуруш керек, Ата-Бейитте биздин мамлекетти түптөгөн, эли-журтка ак кызмат кылгандардын сөөгү бар. Анан арматура башына тийип, мас болуп, мародёрлук кылып өлгөндөрдү Ата-Бейитке көмүп коюу - бул кыянаттык. Убактылуу Өкмөт мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөгөн Т. Айтматов, К. Тыныстанов сыяктуу инсандардын сөөгү жаткан ыйык жердин кадырын кетирди.

- Убактылуу Өкмөткө ичиңиз чыкпай калышынын себеби эмнеде?

- Убактылуу Өкмөт деген Ата-Бейитте көптөгөн убадаларды бербедиби, ооз көптүрүп миңдеген адамдардын алдын да. Ал жерде ыйлап-боздоп туруп ант берген, «эч качан жебейбиз, ичпейбиз, уурдабайбыз» - дешип. Бирок, аны аткарбады, буларды туз урду. Баары бир чекеден түрмөгө түшүп жатат, жакында баары камалат. Булар байлыкты эсепсиз жыйып, элди тоноду.

Бүгүнкү күнгө чейин тойбой жатат. Атамбаев балдарын депутат кылды, бул элдин кыжырын кайнатып жатпайбы. Өнүккөн өлкөлөрдө уурдаган мүлктү балдарына чейин төлөтөт, кыянаттык кылса. Булар тескерисинче көбүрүп-жабырып жатышат. Биз жол бербешибиз керек.

Демократиянын эң жогорку үлгүсүн дүйнө элине көрсөтүп келген АКШнын конгрессине кол салгандарды полиция кызматкерлери тапанча менен атып салышты. Мыйзам боюнча ушундай болушу керек. Ак үй №1 кайтаруудагы объект экени талашсыз. Өлкө башчысы отурган имаратты басып алууга эч кимдин акысы жок. Ак үйдү талкалаткан Атамбаев Кой-Таштагы үйүн жандалбастап, элге акча берип корготту. Ошол мыйзамдын жоктугунан АШАнын адамдары Ак үйдү өрттөгөнү аз келгенсип, ажо отурган кабинетти «булгап», «заңдап» салышканы эмне деген айбанчылык. Ажо отурган имаратка кол салып, аны өрттөгөндөрдү өмүр бою камаш керек.

Булак: Жаңы-Ордо гезити

Последние новости