www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир жандуу пенденин өмүрү – өзүнчө баяндуу бүтпөс тарых, бараандуу кең дүйнө. Бул каарманга токтолоордон мурун Платондун: «Өз ишиңди жасай бер да, өзүңдү-өзүң тааный бил» деген накыл сөзүн эстедим. Акыйкат! Анткени замандаштарынын берген баасына караганда, Элмурза Ракиевич – кандай шарт, кандай кырдаал болбосун, акыйкаттыкты, чындыкты туу тутуп, эл ишеничине ээ болуп, аброй алган инсан. “Байлык, бийлик колдун кири” дейт элибизде. Адал мээнет менен калкыбызга ак дилден кызмат кылуу милдети канчалык оор болсо да, ал баарынан баалуу жана барктуу... Так ошондой аруу максатты аркалап, кыргыз спортун өнүктүрүүгө өзүнүн жигердүү салымын кошуп жаткан КРнын Волейбол Федерациясынын президенти  Элмурза Сатыбалдиев менен болгон маекти назарыңыздарга салмакчыбыз.

КРнын Волейбол Федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев:“Көзүм жете турган максатка карай умтулам...”

– Анда, алгачкы суроо: дүйнөгө эл эл катары маданият жана спорт аркылуу танылууга болт дешет эмеспи. Буга карата сиздин көз-карашыңызды уксак...

– Туура. Мамлекетти даңазалай турган эки тармак: спорт менен маданият экени талашсыз. Кыргыз элинде күрөш өнөрү ата-бабаларыбыздан келе жаткан, каныбызга сиңип кеткен улуттук өнөр сыяктуу сезилет. Балким бул көчмөндүктөн калган элибиздеги бирден-бир белги дагы болушу керек.Ал эми спорттун воллейбол өнөрү болсо, кыргыз элине кийинчерээк өздөштүрүлгөн спорттун түрү болгонуна карабастан, бүгүнкү күндө өтө активдүү ойнолуп жана калыптанып калгандыгын айтсак болот. Волейбол оюну – татаал оюн, себеби командада 12 оюнчу бар. Ошол 12 оюнчуга бирдей көңүл буруу зарыл.

–Волейбол федерациянын президенти катары айта кетсеңиз, кымындай таштын дагы тарыхы бар дегендей, сиз спорттун бул түрү менен кандайча алакада болуп калдыңыз?

Түштүк тарапта сайдын боюнда бала чагымда узундугу 18 метр, туурасы 9 метр болгон оюн талаасына эки жыгачты орнотуп, ортосуна торчо тагып, балдар менен волейбол ойнойт элек. Союз доорунда кайсы мектеп болбосун сөзсүз түрдө волейболго ылайыкташтырылган  спорт залы болоор эле.

2009-жылы жаш спортчулардын демилгеси менен Волейбол федерациясын жаңыладык. 9 жылдан бери мен жетектеп келе жатамын. Мамлекет каржылабайт, спорттун бул түрүнө күйүп-бышкан ишкерлер бар, ошол эр-азаматтарыбыз жеңилибизди жерден, оорубузду колдон алып колдоп келе жатышат.

– Ийгиликтин сыры – жөндөмдө менен эмгекте дешет. Жетишкендиктериңиздер туурасында уксак...

– Мен мактаныч жагдай менен бөлүшө турган болсом, купулга толо турган иш натыйжабыздын жыйынтыгы, орунтуу ийгиликтерибиздин негизгиси– эркектер курама командасы бүгүнкү күндө расмий азиядагы  борбордук зонада 9 мамлекеттин арасынан  чемпиондукту багынттык. Бизде кыздар командасы да бар. Алардын эң чоң ийгилиги – былтыры кыздарыбызга каржылай турган булактарды таап жөнөттүк эле,  ишеничибизди актап, коло медалынын ээси болуп кайтышты. Жакынкы аралыкта биздин балдарчемпиондукту жактап келиш үчүн  Бангладешке жол тартышты. Негизи, федерацияга иштин көзүн билген, аз сүйлөп көп иштеген тажрыйбасы мол жаш спортчу балдар тандалып алынган.

– Регион боюнча волейболдун тармагынан канча курама командалар бар?

– Кыргыз волейболу бүгүнкү күндө бардык регион боюнча кулачын кенен жайды. Ар бир облуста волейбол клубу ачылган, аны жетектеген спортчулар дагы профессионал машыктыруучулар. Мисалга алсак, Нарын шаарынын командасында бир айылдын балдары топтолгон, жетекчсиси – Улар аттуу жигит. Спортту сүйгөн кыздарыбыз: Рахат, Барчын жана Замира  энелер лигасын ачышты. Өздөрү демилге көтөрүп, өздөрүн-өздөрү каржылап, региондун баарын кыдырып мелдеш өткөрүүгө бел байлашты. Биздин федерация аларга жардам катары тажрыйбасы күч машыктыруучу, судья тараптан камсыздадык. Федерациянын тиешеси сөзсүз болот, себеби аларсыз спорт алдыга жылбайт, өнүкпөйт. Жалпыга маалым болгондой эле, эне таза бала таза, бала таза анда коом таза деп коюшат го. Энелерден түзүлгөн лигабыз  бар, биз үчүн чоң сыймык.

– Элмурза агай, ар бир адамдын өмүрү – өзүнчө тарых. Өздүк тарыхыңыздан кыскача кеп салсаңыз...

– Жеке менин турмушум экиге бөлүндү. Чоң турмушту көздөй аттануу...7 жашымдан мамлекет багып чоңойтсо, мектепти ийгиликтүү аяктап, ЖОЖдун Юридикалык факультетине өтүү үчүн сөзсүз түрдө 2 жылдык эмгек тажрыйба керек болчу. Ошондуктан, Сузак спец.хозунун жумушчусу болдум. Ал эми кесибим боюнча 1992-жылы Жалал-Абад областык прокуратурасында тергөөчү болуп иштей баштап, бара-бара башкы генералдык прокурор кызматында эмгектенүү менин тагдырыма буюрулган экен...Мына ушунун баары көз алдымда тасма сыяктуу чууруп өттү. Бул бир жагы.

Экинчи турмуш жолум түрмөдө отурган жылдарымдан башталды... “Элмурза түрмөдөгү күндөрүн сыймыктануу менен эскерет” деп дагы айтып калышат экен. Советтик тарбияны көрүп чоңойгон бала эч убакта мыйзам бузууга жол бербейт. Өзүмдү аша чапкан мекенчил катары деле эсептебейм, ага эл тараза, эл сынчы. Мекендин мени мекенчил болууга тарбиялаганы балким мен жашоомо келген сынды оңой көтөргөнүмө да себеп болду болуш керек.Негизи патриоттук дух ар бир атуулдун ички көөдөнүндө жашайт эмеспи.Бешенеге жазылган тагдырды баштан кечирбей кайда бармак элек?! Тагдыр сыноосунан качып кутула албайбыз. 2010-жылдан баштап, ушул күнгө  чейинки жашоомду башкача сыймык катары бөлүп караймын. Ары кызыктуу, ары үлгүлүү, ары таза жол мына ушул баскан жол...Себеби мен ушул жылдары өмүрлүк тажрыйбамды топтодум...Бул жылдарым мага көп пайда алып келди. Мен үчүн  бийик жашоомдо түшүмдө көрбөгөн нерселерди көрдүм...

  • Максат токтогон жерде жашоо дагы токтойт экен...
  • Жакшыдыр-жамандыр канткен менен мамлекетке кызмат өтөп калбадыкпы. Мени түйшөлткөнү башаламан заманда мамлекетибиздин эртеңи эмне болот?! Мына ошол жагдай жөнөкөй кыргыздын атуулу катары мени көп кейитип жүрөт. Бардык ийгилик да, өнүгүү да билимге байланыштуу. Ошон үчүн жаштардын сабаттуу билимге ээ болушун каалар элем. Анткени тарыхта көптөгөн жеңилүүлөр билимсиздиктен болгон. Бүгүнкү күндөгү компьютердик-маалымат заманында биздин жаштар ошону туура пайдаланып жатабы же жокпу деген ой мени сар-санаага батырат. Балким ошон үчүн да жаштардын ою жана дени сак болуш үчүн бир өбөлгөсү тийер деген максатта ушул федерацияны жандандырдык. Бардык инсан сыяктуу эле мен да  бир чоң максат койордон мурун көзүм жете турган максатка карай умтулам...

Динара Асылбекова, NazarNews.kg

Последние новости