www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Сөз эркиндиги негизги жарандык укук болуу менен бирге маалымат алуу укугунун ажырагыс бөлүгү. Кыргыз Республикасынын Конституциясы маалыматты издөөгө, алууга, сактоого жана пайдаланууга, ошондой эле маалыматты кандай жол менен болсо дагы таркатууга ар бирибиздин укугубуз бар экендигине кепилдик берет. Бул укуктар эл аралык коомчулуктун алдындагы биздин мамлекеттин милдеттенмелери менен бышыкталган. Ушул себептен улам өлкөбүз Борбордук Азиядагы демократияга умтулган өлкө катары таанылган, ошондон улам батыш лидерлери Кыргызстандын жетекчилери менен азырынча жолугушуп, жылуу мамиле кылышууда.

Бирок, массалык маалымат каражаттары менен журналисттерди кай бир чиновниктин ар-намысына шек келди деген шылтоо менен өтө чоң өлчөмдөгү жүйөөсүз доого жыгуу, соттордун ишенимсиз өкүмдөрүнүн негизинде телеканалдар менен интернет-сайттарды жабуу аркылуу сөз эркиндигин чектөө аракеттери коомчулукту кыжалат кылууда. Коом эки жүздүүлүккө күбө болууда: бир жагынан бийлик башындагылар журналисттерден чындыкты жазууну, прессаны жалаа жана ушактан арылтууну талап кылып жатат, ошол эле учурда мамлекеттик телеканалдар менен көз каранды маалымат каражаттары аркылуу саясий оппоненттери жана жакпаган адамдары жөнүндө карандай калп менен ушакты тынымсыз таркатууда. Өзүн демократиялык деп атаган мамлекетте мындай саясий эки жүздүүлүккө жол жок!

Журналист Элнура Алкановага карата кылмыш ишинин негизсиз козголушу коомчулукту терең кыжалат кылуу менен бирге катуу кыжырлантып да жатат. Анткени ал абдан учурлаш болгон коррупция темасы боюнча иликтөө жүргүзгөн. Президент Сооронбай Жээнбеков дагы коррупция менен күрөшүүнү өзүнүн негизги саясий иши катары жарыя кылды. Алканованын журналисттик иликтөөсүндө 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин улутташтырылган Бакиевдердин менчик шаарчасы көз көрүнөө эле кимдир бирөөлөрдүн менчигине айланып жатканы, болгондо дагы текейден арзан сатылганы ачыкка чыгарылган. Биздин терең ишенимибизде, иликтөөдө көрсөтүлгөн фактылар жана ачык көрсөтүлгөн коррупциялык схемалар абдан тыкат жана терең изилденүүгө тийиш жана олуттуу тыянактар чыгарылуусу керек. Коррупция менен күрөшүүнү өздөрүнүн милдети деп эсептеген мамлекеттик органдар Элнура Алканованы куугунтукка алуунун ордуна, тескерисинче чындыкты айткан эрдиги жана жарандык позициясы үчүн колдоого алыштары керек. Ырааттуу түрдө жүргүзүлгөн журналисттик иликтөөлөр канчалык көп болсо, кыңыр иштердин бети канчалык көп ачылса, коом ошончолук таза болот!

Журналист Алкановага карата кылмыш ишинин козголушу мыйзамсыз, анткени анын аракеттеринде кылмыш түзүмү жок. Бул анык факт. Ушул жагдай тергөө органдары эч нерседен коркпой эле бийликке жакпаган адамдарды ачык куугунтукка ала баштаганынын таасын күбөсү болуп жатат.

Биз Президент Сооронбай Шарипович Жээнбековго бул ишти жеке көзөмөлгө алуу менен бирге журналист Эльнура Алканованы кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү чечимди жокко чыгарууну Баш прокурор И.Жолдубаевага тапшыруу өтүнүчү менен кайрылабыз.

Биз Жогорку Кеңештин депутаттарына да кайрылабыз: Сөз эркиндигин коргоо ишине көңүлкош мамиле кылбай көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен парламенттик комиссия түзүү менен массалык маалымат каражаттарына жана журналисттерге карата кылмыш иштеринин козголушу, чоң өлчөмдөгү доого жыгуу жөнүндөгү өкүмдөрдүн чыгарылышы канчалык деңгээлде негиздүү экендигин териштирүү зарыл деп эсептейбиз.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук Кеңешинин акыркы отурумундагы айткан сөзү өлкөбүздө акыйкаттык калыбына келип кайрадан мыйзамдуулук орнойт деген коомчулуктун үмүтүн пайда кылды.

Эмилбек Каптагаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости