www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 8-март Аялдардын эл аралык күнүндө болуп өткөн ызы-чуулуу, кыргыз салтына туура келбеген «Аялдардын шериктештик маршына» социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылууда. Белгилүү журналист, Эльнура Кулуева өзүнүн пикирин кыргыз элине төмөнкүчө билдирди.

«Ооо-о, Жаратканыбыз колдогон элим! Кыргызымдын урпактары, биздин элибиз, көкүрөгүбүздөн эң соңку демибиз чыкканга чейин сакталып калсын! Ала-Тоо деген ыйык АТА Журтубуз бар, биз бактылуу элбиз. Кыргызым, баарыңар тең угуп, көңүлүңөрдөн чыгарбай, көкүрөгүңөргө ар дайым бекем түйүп жүргүлө! Көрбөгөндөргө жеткирип, укпагандарга айта баргыла, жер бетиндеги биздин эл жашаган бардык чөлкөмдөргө чейин тарката көргүлө! Акылман аксакалдар, билектүү жигиттер, акылдуу кыздар, ак элечек апалар, кыргыз улуттун аздектегиле жана кыргыз жерин, кыргыз калпагын, элечегин көздүн карегиндей сактагыла! Кыргызга кыянатчылык кылган  бул жоругубузду ата-бабаларыбыздын арбактары кечирбейт!  Улуттук намысың - көкүрөктө болсун!»-деди кыргыз элине Эльнура Кулуева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости