www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Абай көчөсүндө жайгашкан Карылар үйү 1956-жылы курулган. Аталган Карылар үйүндө бүгүнкү күндө 208 кары адамдар мамлекеттин камкордугунда жашайт. Алардын ичинде 80ге жакыны кыргыздар.

Мындан сырткары мамлекет тарабынан тамак ашка бир күнгө бир кары адамга 100 сом жана дары дармекке 12 сом 50 тыйын гана каралган. Турмуштук ар кандай жагдайлардан улам ден соолугу начар, камкордукка алына турган жаш адамдар да бул үйдө жашашт.

Мыйзам боюнча балдары ата-энени багууга милдеттүү деп жазылган. Эгерде баласы карабай кеткен болсо, ата-эне мыйзам жүзүндө алардан алимент өндүрүп алууга акысы бар.

Ыйык Рамазан айынын алдында 11-май күнү саат 11-00до Карылар үйүндө «Карыларга мээрим» аттуу акциянын алкагында үйү жок карыяларга символ катары жасалгасы менен боз үй, чайын кайнатып ичкенге самоорун кошуп белек кылынат. Мындан тышкары боз үйдүн ичинде карыларга сый тамак жана концерт берилет.

Аталган иш-чараны кайрымдуулук жана тарбиялык негизде маалыматтык колдоо кылып, бала мээримине, сүйүүсүнө суусаган ата, апалардын кубанычтуу көз ирмемдерин коомчулукка чагылдырып берүүнү  жергиликтүү ММКлардан өтүнөбүз. 

Дареги: Бишкек шаары, Абай көчөсү 93. Уюштуруучулар: Элнура Кулуева, Сайрагүл Дуулатова, Дана Абдыбекова.

Байланыш телефондору: 0771608547, 0778231908, 0550880766

Булак: NazarNews.kg

Последние новости