www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  интернет жылдызы, саясатчы Нурлан Мотуевдин 27 жаш кичүү жубайы менен баарлашып, кызыккан суроолорго жооп алдык.

--Элнура, кай жактын кызы болосуз, канча бир туугансыз?

--Кеминдин кызымын, төрт бир туугандын үчүнчүсүмүн.

--Нурлан мырза эмнеси менен сизди багынтты?

--Чын дилден айтылган сөздөрү, жалган айтпаганы, болгонун болгондой сүйлөгөнү менен менин сезимимди ойготуп, жүрөгүмдү багындырган десем болот.

--Бир көргөндө эле сүйүп калдыңызбы же бир канча бир убакытка чейин бири бириңерди сынадыңарбы?

--Экөөбүз таанышкандан кийин 1 жылдан ашык убакыт сүйлөшүп кыз жигит болуп жүрдүк. Ошол убакыт ичинде бири-бирибизди сынашып да көрдүк. Андан кийин үй бүлө куруп, бактылуу жашап жаткан кезибиз.

--Эл тааныган адам менен турмуш курууда ыңгайсыздыкка кептелген жагдайлар болгон жокпу?

--Эл тааныган адам менен турмуш курганы ыңгайсыздык жараткан жагдайга туш болгон деле жокмун. Балким, жолдошум камкор болгону үчүн андай учурларга туш болбодум окшойт. Анткени, көп учурда мени түшүнүүгө аракет кылат. Шарт түзүүгө далалат жасайт. 

--Туугандарыңыз, ата-энеңиз Нурлан Мотуевге турмушка чыгам деген чечимиңизди кандай кабыл алды?

--Мен буга чейин да айтып келгем. Ар бир ата-эне өз перзентинин бул жашоодон ордун таап, бактылуу өмүр сүрүшүн каалайт эмеспи. Менин чечимимди туура түшүнүү менен кабыл алышты. Ал тургай колдошту. 

--Кыргыздын  каада-салтынын баары жасалдыбы?

--Ооба, баардыгын жасады. Бардык нерсе орду менен каада-салтыбыздын негизинде болду.

--27 жаш  айырмачылык  байкалбайт бекен?

--Мага абдан деле байкалбайт. Тескерисинче, кам көрүп, көңүлүмдү оорутуп албайын деп аяр мамиле кылганы жагат.

--Жолдошуңуздун эч кимге окшобогон саясатчы экенин билчү белеңиз?

--Чынын айтсам, өзүм саясатка кызыкпаган үчүнбү эмнегедир ортобузда ал жөнүндө сөз дагы болгон эмес экен.

--Жолдошуңуздун ырдап, бийлегени, интернет жылдызына айланганы жагабы?

--Албетте, жагат. Анткени, өзүм бала кезимден ырдап, комузга кызыгып жүрчүмүн. Кийин комузду бир аз үйрөнүп, ыр дүйнөсүнө жакын боло баштагам. Ошон үчүнбү Нурландын үнү-авазы кулакка жагымдуу угулат. Тенор-баритон деп айтылат хореографияда. Хореография - бул бий искусствосу. А баритон үн диапазону.

--Үйдө кимдин айтканы айткандай аткарылат?

--Биздин үйдө эркиндик. Жолдошум майда-барат нерселерге  кийлигише бербейт. Бирок, үй-бүлөдө эркек биринчи орунда турат. Бул нерсени мен өзүмдүн ата-энемден алган тарбиямдан билем.

--Пикир келишпестик жаралса ким биринчи элдешүү кадамын таштайт?

--Бизде андай боло элек. Болбой эле койсун. Мамилебизде толук гармония болгондуктан, капаланышкан күндөр боло элек. Бири бирибиздин карегибиз менен айланып, капа кылып албайлы деп аяр мамиле кылабыз.

--Турмушка чыга элек кезде берген убадаларын аткарып жатабы?

--Үйлөнгөнүбүзгө үч эле ай болду да. Берген убадаларын азырынча аткарып жатат. Андан маселе жарала элек. Буюрса баары жакшы. Мага кылган мамилеси мактоого татыйт деп ойлойм.

--Көптөр Нурлан мырзаны орой, чаап жибергенден кайра тартпаган адам деп ойлошот. Эмоционалдуу адамга оюңузду коркпой эле ачык айта аласызбы?

--Ар бир нерсенин өз орду болот эмеспи, ар бир адамга бирдей мамиле кылган болбойт го. Башта айтканымдай Нурлан камкор, мага аяр мамиле кылат. Ошондонбу мен эч качан кысылып, сыгылбастан  керек жерде өз оюмду ачык эле айтам. Өзүмдү эркин алып жүрөм. Бизде жашыра турган эч нерсе жок. Экөөбүз сырдашабыз. Нурландын эмоционалдуулугунун жакшы жагын гана көрдүм: чындыкты сүйлөйт, ырдайт, бийлейт. 

--Нурлан мырза менен турмуш курганыңызга ыраазысызбы? Алданып калдым деп кыжаалат болбойсузбу?

--Ыраазымын. Андай ой эч качан болгон эмес жана болбой эле койсун деп тилек кылам.

--Жолдошуңуз эмне деп эркелетет?

--“ Красавица, сладкая, сүйгөнүм,, - деп кайрылат көбүнчө.

 --Жолдошуңузду кандай тамактарды жасап кубантып жатасыз?

--Нурлан негизи тамак тандабайт. Жеңил салаттарды көбүрөөк жакшы көрөт.

--Наристе күтүп жатасыңарбы?

--Азырынча сыр болуп турсун. Аллах буйруса.

--Жолдошуңуз менен дует ырдап чыгайын деген оюңуз барбы?

--Кудай буюрса...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости