www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө аймагында үй карантинин бузгандыгы үчүн 45 киши жоопко тартылды. Алардын ичинен тогузу кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат. Бул тууралуу  өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча үй карантинине жалпы 83 638 киши алынса, алардын 55 046сы "бошотулду". 28 592 киши дагы деле обочолонуп жашоодо.

"Айрым адамдар эрежени бузуп, өзүнүн жана башкалардын өмүрүнө коркунуч жараткандан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19 менен күрөшүүнүн натыйжалуулугуна доо кетирип жатышат”,-деп айтылат маалыматта.

Карантин башталган учурдан бери КР Жоруктар кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") боюнча сегиз жаран, 281-беренеси менен ("Адамга коркунуч алып келе турган жагдай тууралуу маалыматты жашырып коюу") бир киши жоопкерчиликке тартылды.

Калгандары Эреже бузуулар кодексинин ар кандай беренелери менен айыпталып, айып пулга жыгылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости