www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева акын жана аткаруучу Аскат Жетиген боюнча маселени көтөрүп, аны эркиндикке чыгаруу сунушун билдирди.
Парламенттин 25-июндагы жыйынында депутат Аскат Жетиген кармалгандан кийин ага күч колдонулгандыгы тууралуу маалыматтар бар экенин айтып, сөз эркиндигин коргоого чакырды.
Аскат Жетигенге карата бийликти басып алууга чакырык жасоо жана массалык башаламандыктарга чакыруу беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. 2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны бийликти басып алууга чакырык жасоо беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. Ал эми массалык башаламандыктарга чакыруу боюнча акталган. Кийинчерээк жогорку сот инстанциялары бул чечимди күчүндө калтырган.
Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу жана акын. Ал өзүнүн чыгармачылыгы менен кеңири таанылып, акыркы жылдары коомдук-саясий маселелер боюнча билдирүүлөрү аркылуу коомчулуктун көңүл борборунда болуп келген.