www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө көчөлөрдү дезинфекциялоо токтотуларын билдирди. Сурабалдиева бул тууралуу “Твиттердеги” баракчасына жазды. 

“Пайдасыз бирок, хлор үчүн деп “чыгаша” кылууга ыңгайлуу нерсени токтоттум. Буга миллиондогон мамлекеттик каражат кеткен”, - деп өз билдирүүсүндө жазды.

Пандемия башталгандан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги хлор менен (ӨКМ) көчөлөрдү, имараттарды дезинфекциялап келет. ӨКМ дезинфекция каражаттары Саламаттык сактоо министрлигинин, эпидемиологдордун көрсөтмөсү менен даярдалып, бардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөрүн билдирген. Азырынча мекеме дезинфекция иштерине канча каражат коротулганын так маалымдай элек. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости