www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 7-ноябрда Кыргызстан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууну толук калыбына келтирүү жана улантуу үчүн жигердүү сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды улантып жатканын билдирди.

ТИМ тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстан буга чейин тараптар менен макулдашып, кол коюлган бардык келишимдерди так аткарат. Анын ичинде инвесторлордун укугун коргоо, өлкө ичиндеги чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугу сакталары айтылат.

Ошондой эле мекеме өлкө ичинде стабилдүүлүктү, демократия, парламентаризм жана адам укугун сактоо аракеттери көрүлүп жатканын кабарлады.

Эске салсак, 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги башаламандыкка айланып, өлкөдө бийлик алмашкан. Ага байланыштуу Кыргызстандын башка өлкөлөр менен болгон мамилелери бираз солгундай түшүп, өлкөдөгү бийликке ишенбестик пайда болгон. Буга жараша азыркы учурда Тышкы иштер министрлиги башка өлкөлөр менен болгон карым-катнашты кайрадан жандантууга аракет кылып жаткан кези.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости