www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10126 жана 10127 аскер бөлүгүнүн жоокерлеринин Ант берүү аземи "Ата Бейит" мемориалдык комплексинде болуп өттү. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы кабарлады.
"Жаш жоокерлер бир ай ичинде аскердик турмушка көнүү программасын, анын ичинде күн тартип, аскердик уставдын жоболорун жана кызматтык милдеттерин окуп үйрөнүштү. Жогоруда аталган сабактардан кийин гана мекен алдындагы антын беришип, өлкөбүздүн эгемендигин коргоо тапшырмасын аткарууга киришет", — деп айтылат маалыматта.
Салтанатка Коопсуздук кеңешинин катчысы, генерал-майор Рыскелди Мусаев, Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин өкүлү, Улуттук гвардиянын жетекчилиги жана аскер бөлүктүн өздүк курамы катышты.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу иш-чарага аскерлердин ата-энелери менен жакындары келген жок.
Булак: NazarNews.kg