www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден Трамптан 4 миллион добуш алдыда

АКШ президенттигине талапкер Жо Байден “президенттик шайлоону жеңип чыгышым мүмкүн” деп айтканы менен “так кесе жеңдим деп айтууга эрте” деди. 7-ноябрда Аризона, Невада жана Пенсильвания штаттарынын добуш берүү жыйынтыгы чыгып, Байден алдыда экени айтылды.

АКШдагы шайлоо учурунда коронавируска чалдыккандардын саны да кескин өсүп жатат.

Азыркы учурда президенттик шайлоодо 100 миллиондон ашуун шайлоочу добуш берди. Алдын ала маалыматка карата, Байден  Дональд Трамптан 4 миллион добушка алдыда бара жатат.

Муну ал “өтө чоң эмес айырма” деп атады. Ал арада Жоржия штатында да Демократтар көпчүлүк добушка ээ болгону кабарланды. Жогорку сот Республикачылардын Пенсиьваниядагы добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра саноо тууралуу талабын четке какты. Бул штатта да Байден жеңишке жеткен.

Эске салсак, шайлоодо Республикалык партиядан президент, 74 жаштагы Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан мурдагы вице-президент, 78 жаштагы Жо Байден ат салышты. АКШда шайлоонун жыйынтыгы штаттардын деңгээлинде чечилет.

Штатта шайлоодо алдыга чыккан талапкерге ошол аймакта белгилүү сандагы шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрү добуш беришет. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү деп табылат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости