www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто чек ара кызматынын жоокери кызматтан уруксатсыз кетүүгө аракет кылып, төртүнчү кабаттан секирген.

Маалыматка ылайык, жоокер 2020-жылдын күз айында аскердикке кабыл алынган.

"Жоокер жаш жоокерлер курсунан өтүп, бөлүктөн качып кетүүнү чечкен. Ошол эле күнү ал кызмат ордуна кайтарылган. Кийин жоокер төртүнчү кабаттан тигилип турган дарак аркылуу түшүүгө аракет кылган. Бирок дарактын бутактары аны көтөрө албай сынып, ал кулап түшкөн. 19 жаштагы катардагы жоокер Т.А. медициналык мекемеге жеткирилип, жардам алган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жоокердин абалы туруктуу. Үйүндө ата-энесинин көзөмөлүндө амбулатордук түрдө дарыланып жатат.

Окуя тууралуу тиешелүү структуралар кабардар болушкан. Аталган фактыны Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы териштирип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости