www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз баңгизат өстүрүү менен алектенген адамды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 32 жаштагы жаран боюнча аталган кызматка билдирүү келип түшкөн. Мындан улам аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам иликтөө тобунун иш-аракеттеринин натыйжасында 1988-жылы туулган Ш.Э.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзгөндө марихуана, героин табылган. Алардын салмагы 4 килограмм 694 граммды түзгөн. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости