www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Татьяна Голикова менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министрдин м.а. Эльвира Сурабалдиева белгилегендей, Кыргыз Республикасы кыргыз-россия өнөктөштүгүнүн стратегиялык мүнөзүн жогору баалайт жана келечекте Россия Федерациясы менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоого умтулат. Ал россиялык тарапка коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн колдоосу жана гуманитардык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар эки өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жана COVID-19 вирусунун жаңы штаммынын жайылышынын алдын алуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, калкты коронавирус инфекциясынан вакцинациялоо маселесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын саламаттык сактоо министрликтеринин мындан ары карай өз ара аракттешүүсүн талкуулады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости