www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Эрнест Шакиров 30-апрелде өткөн Жогорку Кеңештин жыйында чыккан чыр тууралуу билдирүү жазып чыкты.
Эрнест Шакировдун билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:
“Элвира Сурабалдиева эже Чүйдүн эркеги да! Бир ушул эже кыргызга күйүп жарылды, калган эркеги деле, аялы деле көпкөн Карамушкина эжени колдоп өлүп калдыңар! Саясат өлүп кетсин. Атамбаев деген саясатты жыйыштыргыла. Саясаттан сырткары улуттук намыс жөнүндө сөз кылалы да. Мындай кыргызга күйгөн, намыстуу эркектер Чүйдө калганбы өзү?
1. Карамушкина Мырза-Акеге барып алып солдаттарды “силер орусча билбейсиңер” деп жемелегени бар. Болбосо өзү өмүр бою Чүйдө жашап, кыргыздын суусун ичип, кыргыздын нанын жеп алып, “орусча билбейсиңер” деген сөзү үчүн деле намысыңарга келсеңер болмок. Болбосо өзү кыргыз тилин дагы, кыргыз элин дагы тоготпойт.
2. Европага барып алып Кыргыздын калпагын баняга кийсеңер жакшы болот деген сөзүн угуп дагы намысыңарга келсеңер болмок. Анда дагы намысыңарга келбедиңер.
3. Кыргыздар толтура тууп деп жатат, төрөп дагы эмес. Ушул сөздү угуп деле намысыңарга келбедиңер. Болбосо, бир арамдын сөзүн угуп, ошол арамга кызмат кылып жанында жүрөсүңөр. Айтып деп койсоңор болмок, кой деп, кечирим сурап кой кыргыз элден деп.
Эльвира эжедей намысыңар жок экен, болбосо сүйлөгөнүңөр асмандан суйлөйсүңөр. Карамушкина кыргыздын жүгүн алып кыйналган жок, ал Атамбаев берген байлыкка кутуруп, жеген акчаларын актап иштеп жатат. Албетте, Орусиянын саясаты менен Атамбаев эжени көптүрүп жиберди. Бирок араңарда бир намыстуу кыргыз чыгып, жердеш эжеңердин тизгинин тарта алган жоксуңар. Ошко барып алып оштуктарды көп төрөйсүңөр деген сөзү өлүп кетсин. Себеби, ал оштуктарды айтты. Араңарда Карамушкина менен чогуу оштуктарды жактырбаганыңар бар. Эң башкысы Чүйдү же Көлдү айткан жок.
Бирок, улуттук баш кийим жөнүндө айтканда ойгонушуңар керек эле!
Уктай бергиле дагы, чексиз бейпил түндөрдү каалайбыз...
Эльвира эже, сизге чооң рахмат. Ар дайым чыныгы Кыргыздардын колдоосунда болосуз!”,-деп билдирүү жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg