www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмчек саясаты

Көпчүлүк айымдар эмчектин формасын кантип сактап калам же канткенде терисин модель кыздардыкындай сыймакай кылам деген суроолор менен баш оорутуп келет. Анда эмесе, айымдар, эмчек саясатына саякатка кеттик.

Бал жана миндал майы аралашкан маска. Бал менен миндал майын бир көлөмдө аралаштырасыз. 10 минут тыныктырып койгон соң эмчегиңизге алып сыйпайсыз. 20 минута койгон соң жылуу суу менен жууп саласыз.

Бал жана миндалдан жасалган масканын артыкчылыгы эмчектин терисин азыктандырып жана теринин жашаруусуна шарт түзүп берет.

Дрожждон жасалчу маска. Кадимки эле биз колдонуп жүргөн дрожтон да маска жазаса болот. Дрожждон жасалган маска эмчекке формасын сактап калууга бирден бир натыйжалуу жардамын берет мындан башка да артыкчылыгы дрож эмчектин терисин абдан жакшы азыктандырат. Даярдалышы: 20 грамдык дрожжду жылуу сууга ээритесиз да каймак сыяктуу болуп көөп калгыча күтөсүз. Даяр болгон масканы 15-20 мин эмчегиңизге коёсуз андан соң муздак суу менен жууп саласыз.

 Йогурттан жасалчу маска. Даярдалышы: 1чоң кашык йогуртка 1 чай кашык е витаминин май түрүндөгүсүн кжан 1 жумуртканы кошуп аралаштырабыз. Даяр болгон масканы акырын алып эмчекке массаждын ыкмаларын колдонуп акырындык менен коёбуз. 20 минутта болгон соң жылуу суу менен акырын жууп салабыз. Шалбырап ылдыйды көздөй түшүп калган эмчекти тартылып өз калыбына келүүсүнө жакшы жардам берет.

Таза балдан жасалчу маска. Табигый таза балдан 2 ст кашык алабыз да ээритебиз ээрип калган балга 50 мл суу кошобуз. Андан соң 10-15 мин коёбуз. Муздак суу менен акырын жууп салабыз. Маска терини азыктандырып, жумшартып, эмчектин формасын жакшыртат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости