www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Өкмөттө балдар арасында кызамык оорусу боюнча абал талкууланып, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттык сактоо министрлигине кызамыкка каршы эмдөө иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Байсалов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешме өткөргөн. Анда 17-апрелге карата алынган маалымат боюнча, 8209 бала кызамыкка кабылганы белгиленди. Алардын 37,5 пайызы ата-энесинин каршылыгынан улам эмдөөдөн өткөн эмес.

"Кызамыкты жуктуруп алуу учурларын болтурбоо үчүн бардык медициналык мекемелерде санитардык коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл. Саламаттык сактоо министрлиги балдарын оор жугуштуу илдеттерге каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча сунуштарды берип, коомчулук менен иш алып барышы керек", — деди Байсалов.

 

Ал ошондой эле эмдөө мурдагы Советтер Союзу же Европа менен Америкада гана эмес дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө колдонуларын айтты.

"Вакцинация бүткүл ислам дүйнөсүндө, Сауд Арабияда, Бириккен Араб Эмирликтеринде жана балдардын ден соолугуна зыян келтирген ата-энелерге катуу жаза каралган башка өлкөлөрдө кеңири колдонулат", — деди ал.

Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү тапшырмасы берилди.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости