www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында массалык уулануу катталып, 39 адам медициналык мекемелерге кайрылган. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы Сухэ-Батор көчөсү, 15/1 дарегинде жайгашкан ресторанда 15 жана 18-апрелде кыз узатуу болгон. Дүйшөмбүдөгү коноктордон 27, бейшембидеги меймандардан 12 адам ооруканага кайрылган.

"Массалык уулануунун себептерин аныктоо максатында плансыз текшерүү жүргүзүлүп, лабораториядан текшерүү үчүн тамак-аштан, суу аккан жерлерден үлгүлөр алынган. 31 кызматкер медициналык текшерүүдөн өткөрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ресторанга 13 миң сом айып салынып, иши токтотулганы кошумчаланды.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости