www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат: “Баламды башы исламдан чыкпай калат”

Мектепте дин тануу сабагында бир эле ислам боюнча маалымат берилүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы билдирди.

Ал Билим берүү министрлиги сабактардын методологиясын иштеп чыкпаганын айтып, дин тануу сабагын мисал келтирди.

«Мисалы, диндерди окутуу боюнча буйрук чыгып, анын негизинде сабак киргизилди. Бирок, анын кантип берүү ыкмасы иштелип чыккан эмес. Ата-энелердин айтымында, мугалимдер жалаң эле исламды окутуп жатышыптыр. «Жакында баламды башы исламдан чыкпай калат», — деп айтып жатышат. Мен албетте исламдын окутулушуна каршы эмесмин. Бирок сабактын максаты баардык диндерди окутуу эмес беле? Бул сабакты кандай мугалимдер өтүп жатат?», — деди Аида Исатбек кызы.

Билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиевдин айтымында, көбүнчө тарых мугалимдери дин тануу сабагын өтүүдө.

«Тарых мугалимдери сабак бери жатышат. Ислам институтунун теология бөлүмүн бүткөн жаш мугалимдер бар. Мисалы, Бишкектеги №5 мектепке Ислам институтунун бүтүрүүчүсү келди, атайын чыгарылган китептин негизинде сабак өтүп жатат», — деди ал.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости