www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагында Жээналиев атындагы мектептин ашканасы жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат
Айсара Абдибаева билдирди.

Анын айтымында, окуучулар жер төлөдө тамактанышат.

«Муздак, сыз. Ал жерге кирген адам эле ооруп калат. Тамак жегенче абасынан эле саламаттыгы начарлап кетет. Ал жерде мурда тамеки жыйган сарай болгон экен. Мен айыл өкмөтүнөн каражат бөлүп, убактылуу ашкана куруп берүүнү сурандым», — деди ал.

Билим берүү министрлиги мектептеги шарттарды текшерип чыгууну суранды.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости