www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

«Альянс Алтын» компаниясы өнөктөштөрү менен биргеликте бир нече кыргызстандык балбанга унаа жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

«Альянс Алтын» Таластагы Жерүй алтын кенин иштетет. Мындан улам компания Таласта туулган спортчуларга колдоо көрсөтүп келет. Былтыр күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын алдында «Альянс Алтындын» башкы директору Сабир Рахматов спортчулар аталган чемпионатта алтын медаль утуп келсе, унаа белек кыларын убадалаган. Дүйнө чемпионатында Жоламан Шаршенбеков алтын, Айпери Медет кызы күмүш тагынган. Жакында эле эки спортчу Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын байге утуп алышты.

Бүгүн, 22-апрелде компания Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызына убадаланган унааларды мингизди. Шаршенбеков кара түстөгү, ал эми Медет кызы өңү ак Toyota Camry унаасын белекке алды.

Ошондой эле дагы сегиз спортчуга — Мээрим Жуманазарова, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Калидин Асыкеев, Раззак Бейшекеев, Исламбек Орозбеков, Тынар Шаршенбеков менен Атабек Азизбековго 100 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости